super.kg logo
  Саясат  

Жантөрө Сатыбалдиев “Кумтөр” боюнча “Центерранын” президенти Ян Аткинсон менен сүйлөшүү жүргүздү

 

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 4-декабрда “Кумтөр” боюнча “Центерра” компаниясынын президенти Ян Аткинсон жана башкы укуктук кеңешчиси Френк Херберт менен жолугушту.

Акыркы жолу 8-ноябрда “Центерранын” жетекчилиги менен болгон жолугушуудан кийин “Кумтөр” долбоорунун мындан ары ишке кирүүсү боюнча маселелердин тегерегинде кыргыз тарап күнүгө өкмөттүн эл аралык кеңешчилери “DLA Piper UK” жана “Pricewaterhouse Coopers” компаниялары менен биргеликте иш алып барышты. Учурда “Кумтөр” долбоорунун түзүмдөрүн өзгөртүү боюнча мурда жетишилген сүйлөшүүлөрдүн жакшыртылган варианттары эки тараптын кеңешчилери тарабынан сунушталды.

“Биз ар тараптуу жана конструктивдүү сүйлөшүүлөр менен кабыл алына турган чечимге келишибиз керек”,- деди Сатыбалдиев.

Ал эми Ян Аткинсон канадалык тарап Кыргызстандын эл аралык кеңешчилери менен биргеликте сунушталган варианттарды карап чыгууга даяр экендигин билдирди.

Тараптар кийинки жолугушууларды эксперттердин деңгээлинде улантууну чечишти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: