Кыргыз футбол союзу Кыргызстан менен Орусиянын беттешинин күйөрмандарына кайрылды
Кыргыз футбол союзу Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы жолдоштук беттешин көрүүгө келе турган күйөрмандарына кайрылды.Кайрылууда күйөрмандардан оюн баштала турган убакыттан эртерээк, саат 18:00дөн 19:30га чейин келүүсү айтылат.
"Команданын жыйынтыгы сиздердин колдооңуздарга, жүрүм-турумуңуздарга байланыштуу. Оюнчуларга туура нукта шык берип, ошол эле учурда коомдук тартипти сактаңыздар. Көрүүчүлөрдү да, оюнчуларды да сыйлап, кооптуу абал жаратпоого чакырабыз. Спорт дайыма саясаттан тышкары жүрөт", - деп айтылат союздун билдирүүсүндө.
Бүгүнкү беттеште Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы кызыл түстөгү формада, орусиялык спортчулар ак түстөгү кийим менен ойнойт.
Оюн бүгүн саат 20:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо башталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















