Кыргызстан Орусияга 2:1 эсебинде жеңилип калды







Бүгүн, 24-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Орусия курама командасынын жолдоштук беттеши болуп өттү.
Оюндагы алгачкы голду кыргыз курамасы ачты. Жарым коргоочу Алимардон Шүкүров оң канаттан топту дарбазага таамай багыттап, "Ак шумкарларды" алдыга алып чыкты.
Арадан көп убакыт өтпөй Орусия курамасы пенальтиден эсеп санын теңеди. Биринчи бөлүк 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Экинчи бөлүктө оюн дээрлик бирдей ыргакта жүрдү. 89-мүнөттө гана Орусия курамасынын жарым коргоочусу Даниил Уткин эсеп санын өзгөрттү.
Жыйынтыгында оюн 2:1 эсебинде Орусия курама командасынын жеңиши менен аяктады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Pankration_MMA

24.09.2022. 22:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орустун 3-составы болсо керек булар.
Joka.94

25.09.2022. 05:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pankration_MMA Жоок ай болгону негизги курамдан 3, 4 оюнчусу келген жок калганы ойноду.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.