super.kg logo

Орусияда келишим менен иштеген аскерлер эми аталган өлкөнүн жараны боло алышат

 

Орусиянын президенти келишим менен келген чет элдиктердин жөнөкөйлөштүрүлгөн жарандыкты алуу боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Белгиленгендей, Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөө үчүн келишим түзгөн чет элдик жарандарга Орус жарандыгын берүү боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилген. Мында Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө келишим боюнча кызмат өтөгөн чет элдиктер бир жылдан кийин өлкөнүн жараны боло алышат.

Эми мындан ары аскердик кызматын өтөө тууралуу келишимге кол койгон чет өлкөлүктөр жашап турууга уруксаты жок жана Орусияда 5 жыл бою такай жашабай туруп деле жарандык алуу тууралуу арыз менен кайрыла алышат.

Эске салсак, 21-сентябрда президент Владимир Путин Орусия Федерациясында жарым-жартылай мобилизация жарыялоо тууралуу жарлыкка кол койгон болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: