super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Тургун: "Бала бакча оңдоп-түзөөгө жабылган бойдон ачылбай жатат"

 

Базар-Коргон шаарына караштуу Биринчи Май айылында бир гана бала бакча бар. Ал оңдоп-түзөө иштери үчүн жабылган боюнча ачылбай жатат. Мындай билдирүүнү ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө окурман жөнөттү.

Айтымында, айылдагы жалгыз бала бакча быйыл, 30-майда капиталдык оңдоп-түзөө үчүн 2 айга жыбылган.

"Бала бакчабыз 2022-жылдын 30-майында капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн 2 айга жабылган. Бирок ишти кичине баштап коюп, эч кыймылдабай турганына 2 айдан ашты. 4 айдан бери балдарыбыз үйдө.

Өзү чакан 3 группага, 95 балага ылайыкташкан бакча. Өкмөт ошону да бүтүрө албай жатат", - дейт окурман.

Ошондой эле ал бала бакчада шарттар түзүлбөгөнүн кошумчалап өттү.

"Даараткана сыртта жайгашкан. Балдар ойногонго шарттар түзүлгөн эмес" деди тургун.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: