Милан шаарынан келе жаткан 90 жүргүнчүсү бар учакка чагылган түштү
Кечээ, 25-сентябрда Милан шаарынан Неаполь шаарына (Италия) багыт алган учакка чагылган түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, учактын ичинде 90 жүргүнчү болгон. Кокусунан түшкөн чагылгандын кесепетинен учактын канаты жабыркаган. Жүргүнчүлөр дүрбөлөңгө түшүп, учак Бари шаарындагы аэропортко конууга аргасыз болгон. Бактыга жараша эч ким жабыркаган эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.