Өзбекстандын премьер-министри Бишкекке келди
Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, Абдулла Ариповду «Манас» эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Жумушчу сапарынын алкагында Өзбекстандын премьер-министри Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча биргелешкен жыйынына катышат жана президент Садыр Жапаров менен жолугушат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

Рейтинг:
0

