super.kg logo

Иранда Инстаграм жана WhatsApp тиркемелери бөгөттөлдү

 

Иранда Инстаграм жана WhatsApp мессенжери бөгөттөлдү. Бул тууралуу ирандык Fars News Agency агенттигине шилтеме келтирүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматта айтылгандай, Инстаграм жана WhatsApp'тын иштөөсүнө 22-сентябрда чектөө киргизилген. Эми бул тиркемелер Ирандын аймагында жеткиликсиз болуп калды.

"Мындай чектөө улуттук коопсуздукту бузуу, өлкөдө оппозициялык кыймылдардын баш аламандыкка алып келген иш-аракеттерин алдын алуу максатында бул тиркемелер бөгөттөлдү", - деп айтылган маалыматта.

Ал эми бул чектөөлөр канча убакытка созулары айтылган эмес.

Эске салсак, Иранда 22 жаштагы Махса Амини аттуу кыз хиджабды туура эмес кийгендиги үчүн полиция тарабынан кармалып, көп өтпөй комага түшүп каза болгон. Бул окуядан кийин Ирандын 100дөн ашуун шаарларында жана 30 провинциясында массалык нааразычылык акциялары өтүп, баш аламандыктар катталган. Бул акциялардан кеминде 30дан ашык адам каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.09.2022. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздардын башына хиджаб оронтуп, тумчулоо - жашоодо эч бир артыкычылык алып келбейт кыздарга. Тескерсинче хиджабты шылтоо кылып кыздарга кысым, басым кылууга жол ачат. Ыйман оронгон хиджабта эмес, жасан ишинде
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: