super.kg logo

Капчыгай айылынын тургуну: "Баскынчылар 14 баш уйумду айдап кеткенин тоодо карап отурдум"

 

Баткен районунун Капчыгай айылынын тургуну Жаныбек Орозокулов 16-сентябрдагы Тажикстандын куралдуу кол салуусунда баскынчылар 14 баш уйун айдап кеткендигин айтат.

"Үстүмдөгү кийимден башка эч нерсем калган жок. Үйүм толугу менен күйүп кетти. 2-3 тоннадай өрүк бар эле, 14 баш уйум бар болчу. Унааларды алып келип үйлөрдү алгач талап-тоноп, андан соң өрт коюп малды айдап кеткенин тоодон карап отурдук", - дейт ал.

Каргашалуу окуя орун алган айылдардын жеринен даярдалган репортажды толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрө аласыз.

Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан курман болгондордун саны 62ге жетти. Алардын басымдуу бөлүгү аскер кызматкерлери. Агрессиянын курмандыктарынын арасында жай тургундар жана балдар да бар. Ал эми жаракат алган жарандардын саны 198.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Тажикстандын куралдуу кол салуусунан Баткенде жалпы 1 158 объект талкаланган. Алардын ичинен 613 турак-үй жарактан чыкса, административдик-стратегиялык маанидеги тогуз объект, анын алтоосу чек ара тозоту, үчөө айыл өкмөттүн имараты, социалдык маанидеги 15 объект, алардын 7си мектеп, 6 бала бакча жана 2 фап, 323 сарай, 171 чарбалык курулуштар, бир автоунаа өтүүчү көпүрө жана 26 автоунаа зыянга учурады.






Баткен районунун Капчыгай айылынын тургуну

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
26.09.2022. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
14 сентябр куну ушундай окуя болушу белгилуу болгон! Эмне учун 16 сентябрга чейин аскерлерди кобуроок киргизип койбойт айылга? Эч болбосо уйлор азыраак куйуп талап тоноо болмок эмес да!
27.09.2022. 04:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kyrgyzstandykmyn, Жапаровдун тили, Ташиевдин опкосу эле бар. Экоо тен уйдо баатыр жоодо жок. Алы тажиктерге эмес, куралсыз оз элине жетет. Ташиев адатынча "биз тажик пограничниктери менен эмес, башка эле кучтор менен уруштук" деп дооруп жатат. Тажик пограничниктеринин танктары, минеметтору кантип башка кучтордун колунда болуп калганын бул Доопарас тушундуро алат бекен?! Жеткен Кемчонтой да бул Доопарас
26.09.2022. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тажиктер толоп берсин чыгымды же толотуш колдон келбейби Кыргыз бийлиги?
27.09.2022. 04:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Zhoro, колунан келбегени учун тажиктер эмне десе "ляппай" деп отурат да Аферист менен Доопарас. Колунан келсе мурунку согуштан кийин тажиктердин озуно курдурбайт беле уйлорду, мектептерди... 2 Доопарастын доопарастыгынан ушул согуш болуп жатат. Бийлик башында тын бири болгондо тажиктер кыргыздарга кол салууга батынмак беле?!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: