super.kg logo

Кремль Ижевск шаарынын мектебиндеги ок чыгарууну теракт деп атады

 

Орусиянын Ижевск шаарындагы №88 мектептеги ок атууну Кремль теракт деп атайт. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Маалыматка ылайык, окуядан кийин Орусиянын президенти Владимир Путин жергиликтүү бийлик жана дарыгерлер менен байланышкан. Аталган аймакка нейрохирургдар, психологдор жана ӨКМнын учактары жөнөтүлгөн.

"Президент Путин теракт болгон мектепте адамдардын жана балдардын каза болушуна терең кайгыруу менен көңүл айтты. Аны неофашисттик уюмга же топко кирген адам жасаган", - деген Песков.

Песков белгилегендей, Кремль окуя боюнча бардык керектүү маалыматтарды алган. Бардык социалдык маселелер чечилет. Анын айтымында Казань гимназиясындагы ок атуудан кийин жасалгандай эле мектептерде коопсуздук чараларын талдоо зарыл.

Ижевск шаарындагы №88 мектепте ок атуу бүгүн, 26-сентябрь күнү эртең менен болду. Мектептин бүтүрүүчүсү Артём Казанцев имаратка кирип, ок чыгарган. Жыйынтыгында 15 адам каза болуп, 21 адам жаракат алды. Кол салган адам өз жанын кыйган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: