super.kg logo

Бишкекте 59 жаштагы Динара Өмүркулова изделүүдө

 

Бишкекте 59 жаштагы Динара Өмүркулова аттуу жаран изделет. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына борбор калаанын О.Т. аттуу тургуну эжеси Динара Өмүркулова Юдахин көчөсүндө жайгашкан үйдөн чыгып кетип, кайра кайтып келбегендигин айтып, жардам сурап арыз менен кайрылган.

Белгилери: бою болжол менен 150-155 сантиметр, арык денелүү, көздөрү күрөң, чачы кара узун.

Кийген кийими: кара шым, кызгылт свитер жана жашыл топу.

Айырмалоочу белгилери: Республикалык балдардын ден соолугун чыңдоо борборунда шизофрения диагнозу менен каттоодо турат.

Эгерде Өмүркулова Динара Мукановнанын жүргөн жерин аныктоого жардам бере турган кандайдыр бир маалымат болсо, төмөнкү телефондорго кайрылыңыз: 0 (312) 352-605, 0 (312) 444-457, 0 (312) 352-632, 0 (553) ) 102 -880, 0 (773) 909-465, 0 (551) 088-330, 0 (701) 644-403, 0 (755) 579-580 жана 102.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: