super.kg logo
  Саясат  

"Ар бир чет элдик жарандан долларлап акча аласыңар". Депутат Юстиция министрлигин сынга алды

 

Бүгүн, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында эл өкүлү Жусупбек Коргонбай уулу Юстиция министрлигин сынга алды. Ал министрдин орун басары Бактияр Орозовго алардын эң башкы жумушу мигранттардын жашоосун жеңилдетүүгө көмөктөшүү экендигин эскертти.

"Мен да мигрант болгом. Сиздин министрлик кандай иштерин жакшы билем. Сиз чет элдик жарандардын бул жакка келип иштөөгө уруксат алуу боюнча жоболорго өзгөртүү киргизейин деп жатасыз. Жумушка уруксат берүү үчүн силер ар бир чет элдик жарандан долларлап акча аласыңар. Ал жак коррупцияга баткан жер. Силер дал ошол акча чыга турган жердин мыйзамын өзгөртөлү деп алып келипсиңер. А бизде 1 миллион 200 миң жараныбыз мигрант болуп талаалап жүрөт. Ар бир бийлик келгенде мигранттардын санын кыскартабыз дейт. Тилекке каршы, тескерисинче эмгекке жарамдуу жарандарыбыз чет мамлекеттерге агылып жатат. Силердики дал ушул мигранттардын санын кыскартуу, эч болбосо аларга шарт түзүп берүү боюнча иш алпара турган министрлик. Акылбек Жапаров экөөңөр 40 кишини Кореяга, 30 кишини Англияга жөнөтүп коюп мактанып жатасыңар", - деди Коргонбай уулу.

Ошондой эле депутат Орусиянын жарандыгын алган мекендештер турмуштук кырдаалдан улам аргасыздан ушундай кадамга баргандыгын, эми алар бүгүнкү күндө аскердик мобилизацияга тартылып жаткандыгын, министрлик ушул боюнча маселе көтөрүшү керектигин кошумчалады.






Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: