super.kg logo

Жалал-Абадда күйөөсү өлтүрөм деп коркутканын айтып арыз жазган аялды милиция дароо кабыл алган эмес

 

Жалал-абадда күйөөсү аялын өлтүрүп кетем деп коркуткан. Ал эми аялдын арызын милиция дароо кабыл алган эмес. Бул тууралуу "Акыйкат" укук коргоо уюму жазды.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын 43 жаштагы С.И. аттуу тургуну күйөөсү тарабынан коркутуулар болуп Жалал-Абаддагы "Акыйкат" укук коргоо уюмуна кайрылган.

Анын 53 жаштагы күйөөсү Р.К. аттуу жаран өлтүрүп кетем деп коркуткан. С.И. Р.К. аттуу жаранга 2003-жылы турмушка чыккан. Аялдын айтымында, чогуу жүргөндө экөөнүн ортосунда түшүнбөстүктөр, уруш-талаштар, чыр-чатактар ​​көп болгон. Ал эми көрө албастыктын жана башка бир катар себептердин негизинде психологиялык басым 10 жылдан ашык уланып келген. 2022-жылдын августунда жубайлар ажырашууга мыйзамдуу түрдө арыз жазышпаса да, эки айрым жолго түшүшкөн.

Ошондон бери аял эки кызы менен ата-энесинин үйүндө, ал эми күйөөсү аялга таандык батирде жашайт. Бирок ажырашкандан кийин да Р.К. аялы менен кыздарын кайра кайтаруу үчүн аларга системалуу түрдө психологиялык кысым көрсөткөн. 2022-жылдын 4-сентябрында Р.К. аялынын ата-энесинин үйүнө , барып жаңжал чыгаргандыктан аял милиция кызматкерин чакырууга аргасыз болгон. Милиция менен эки саатка созулган териштирүүдөн кийин адам белгисиз тарапка кетип калган.

"Ал мени, балдарымды жана ата-энемди өлтүрөм деп коркутат. Буга чейин мен аны менен жашагандыктан анын коркутуулары реалдуу экенин түшүнөм, ал бизди чындап эле өлтүрүшү мүмкүн", - деген аял укук коргоочуларга жазган арызында.

С.И. 5-сентябрда Жалал-Абад ОИИБнин башчысынын атына арыз жазган. Укук коргоочулар анын билдирүүсүн ШИИБге жөнөтүштү. Ал эми 20-сентябрда тергөөчү укук коргоочуларды чакырып, аял өзү милицияга келип, өз колу менен арыз жазышы керектигин айткан. Ансыз алар иш козгоп, ага коргоо ордерин чыгара алышпаарын билдирген. 22-сентябрда укук коргоочулар кайрадан Жалал-Абад ОИИБнин башчысынын атына арыз жазышкан. Аял акыры милиция ага коргоо ордерин чыгарып, күйөөсүнө таасир этүүнүн жолун табат деп үмүт кыла баштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.09.2022. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан аялдарды мал сыяктуу кабыл ала баштадыбы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: