super.kg logo

Ошто 13 жана 11 жаштагы балдарын өлтүрүүгө аракет кылган эне кармалды

 

Ош шаарында өз энеси ири көлөмдөгү дары берип өлтүрүүгө аракет кылган эки жашы жете элек баланы милиция кызматкерлери куткарып калышты. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 1982-жылы туулган тургун өзүнүн 2009 жана 2011-жылдары туулган балдарына ири көлөмдөгү димедрол дарысын берип, өлтүрүүгө аракет жасап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып дароо "Тез жардам" чакырган. "Тез жардам" кызматы жеткенге чейин милиция кызматкерлери жаш балдарга суюктук беришип, ичин ири көлөмдөгү дарыдан тазалоого аракет жасап турушкан.

Окуя бүгүн, 27-сентябрда саат 16:30 чамасында болгон. Апасынын берген көрсөтмөсүнө ылайык, ал балдарын өлтүрүп, андан соӊ өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасай тургандыгын, балдарына чычканга каршы пайдалануучу дарыны жана димедрол дарысын бергендигин айткан.

Учурда шектүүнүн үстүнөн ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат. Аялдын бул кадамга баруу себептери, диний-экстремисттик топтор менен байланышы жана психикалык абалы дагы текшерилүүдө.

Алгачкы маалыматтарга караганда, балдардын апасы 1982-жылы туулган, күйөөсү менен быйыл ажырашып кеткен. Учурда жабыр тарткан балдардын абалдары жакшы. Алардын мындан кийинки жашай турган жайын социалдык жактан коргоо тармактары карашууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
27.09.2022. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оор турмуштун айынан ...
27.09.2022. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Patriotka оор турмуш дейсизби негизи турмушка шылтоологон менимче наадандык анткени 1994-1995 жылдары оор кундор откон ошондо биз бала элек нанга очеред 1 нанды уй було чогу Бир кунго жеткирип жугору унунан Нан жечуубуз. Дуйнолук экинчи согушту коргон Бир абышка менен суйлошкомун Бир чоптун тамырынан ун жасап Нан кылып жечуубуз дейт ачаарчылыктан адамдар олчуу дейт азырчы ачкадан бироо олобу? Которгонубуз хотябы Бир койдун акчасындагы телефон бар алды Бир машина акчасында телефон которушот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: