Кыргызстан менен болгон оюндан кийин Орусия курамасынын 5 кызматкери Бишкекте калып калды
Кыргызстан менен болгон жолдоштук беттештен кийин футбол боюнча Орусия курама командасынын 5 кызматкери Бишкек шаарында калып калды. Бул тууралуу "Мутко против" телеграм каналы жазды.
"Кеп команданын административдик штабынын кызматкерлери жөнүндө болуп жатат. Калган бардык оюнчулар жана машыктыруучулар кайтып келишти", - деп айтылат билдирүүдө.
Бишкекте калып калгандар эс алууну чечишкенин айтышкан. Кызматкерлер жакынкы жумаларда жумушка кайтып келүүнү убада кылышкан.
Орусия менен Кыргызстандын жолдоштук беттеши 24-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн. Оюн 1:2 эсебинде Орусиянын жеңиши менен аяктаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Majit1975

28.09.2022. 09:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мобилизациядан качып калып калышты
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.