Акжол Махмудовдун Дүйнө чемпиондугунун финалындагы беттеши мыктылардын катарына кирди (видео)
Кыргыз балбаны Акжол Махмудовдун Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалындагы беттеши эң мыкты 5 беттештин катарына кирди.
Дүйнө чемпиондугунун финалында Акжол Махмудов венгриялык Золтан Леваи менен кез келип, 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алган.
Кыргыз балбаны атаандашына эч кандай мүмкүнчүлүк бербестен алгач 4 упайлык ыкма жасап, андан кийин артка ыргытуу менен дагы 4 упай алып мөөнөтүнөн мурда жеңишке жеткен.
Муну менен Акжол Махмудов Кыргызстандын тарыхында эркектер арасында алгачкы Дүйнө чемпиону болгон.
Акжол Махмудовдун беттеши мыктылардын катарына кирди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.