super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте социалдык педагогдор жана психологдор үчүн тренинг өткөрүлдү

 

Бишкек шаарында социалдык педагогдор жана психологдор үчүн тренинг өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаеванын демилгеси жана Билим берүү мекемелеринин биримдигинин ассоциациясы менен биргеликте өткөрүлдү.

Иш-чара мектеп окуучуларынын арасында зордук-зомбулуктун алдын алуу, аярлуу балдар менен жаштарда жабыркоочу оорунун пайда болушунун себептерин жана кесепеттерин түшүнүүнү жакшыртуу жана өз убагында жардам көрсөтүү максатында уюштурулду. Тренингге Чүй облусунун билим берүү башкармалыгынын усулдук бөлүмүнүн башкы адиси, социалдык педагогдор, мектептердин, жетим балдар интернаттарынын психологдору жана башкалар катышты.

Тренер зомбулуктун жана адам сатуунун курмандыктары менен иштөөдө көп жылдык тажрыйбасы бар психотравмология боюнча эл аралык эксперт Тирза Шнайдер болду. Тренингдин жүрүшүндө Асель Чынбаева зомбулук фактыларына өз убагында чара көрүү жана алардын алдын алуу үчүн мектептерде социалдык педагогдорду жана психологдорду даярдоо маанилүү экенин белгиледи. Ал белгилегендей, учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы өлкөдө зордук-зомбулукту жоюу боюнча бардык чараларды көрүп, колдоо көрсөтүп жатат.

Мындан тышкары, Кыргызстандагы балдар арасындагы зордук-зомбулук боюнча кырдаалды талдоо боюнча маалыматы менен балдарды коргоо боюнча улуттук эксперт Мээрим Осмоналиева бөлүшүп, мигранттардын аярлуу балдарына, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн балдарына өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар жабыркоонун өнүгүшү жана кесепеттери, травмалык ооруулардын динамикасы тууралуу маанилүү маалыматтарды алышты, мындан тышкары балдар жана жаштар менен иштөөдө психологиялык травмаларды жана анын түрлөрүн таанууну үйрөнүштү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: