super.kg logo

"16 жаштагы өгөй кызын зордуктап...". Чүйдө кылмышка шектүү кармалды

 

16 жаштагы өгөй кызын зордуктаган жаран кармалды. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан тастыкташты.

Кабарлангандай, ушул жылдын август айынын ортосунда милицияга арыз менен 1984-жылы туулган Г.А. аттуу аял кайрылган. Анда ал биринчи никесинен 2006-жылы туулган кызын зордуктаган күйөөсү 1972-жылы туулган А.Т.га карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Окуя боюнча бардык жагдайды тактоо максатында соттук-медициналык экспертиза жана соттук-психологиялык-психиатриялык экспертиза дайындалып, жыйынтыгы менен процессуалдык чечим кабыл алынат.

Ички иштер башкы башкармалыгы иликтөөнү дыкат жүргүзүүгө убада берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: