super.kg logo

Баткенден Бишкекке эвакуацияланган эл үйүнө кете албай жатабы?

 

Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда Баткен облусунан эвакуацияланып келген айрым жарандар үйлөрүнө кете албай жатканын айтууда.

Аларды Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жашаган жерине бекер жеткирерин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев айткан. Ошого байланыштуу эртең мененки саат 7ден бери Спорт ордосунун алдына чогулуп, күтүп турушат.

Алардын басымдуу бөлүгү аксакалдар, жаш балдар жана аялдар экенин билдиришти.

УКМК төрагасы журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Баткендеги кандуу окуяда коопсуз жайларга көчүрүлгөн эл үйлөрүнө кайтса болорун айткан. Шарты жокторго мамлекет көмөк көрсөтөрүн билдирген.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги баткендиктерди өз үйүнө акысыз жеткирүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.

"Министрлик тарабынан атайын транспорт уюштурулуп жатат. Эвакуация болуп келген элди өз үйүнө жеткирүү уланып жатат. Азыр эле Спорт ордосуна 7 унаа жиберилди. Эгерде жетпесе, дагы жиберебиз", - дешти министрликтен.






Баткенге кете албай турган жарандар

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: