super.kg logo
  Саясат  

Жанар Акаев: "Музыкаларды коштоп, министрлерди кармаган шоуну качан токтотосуңар?"

 

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билим берүү жана илим министри Алмазбек Бешеналиевдин кармалышы боюнча министрлер кабинетине кайрылды.

"Эгерде кайсы министр, ким болбосун мажбурлап пара талап кылып, акча алган болсо ал жазасын алышы керек. Бирок музыкаларды коштоп, ишкерлерди, министрлерди кармаган шоуну качан токтотосуңар?

Билим берүү министри пара алган күндө дагы мамлекеттик саясат, идеология болушу керек да. Бүгүн эртең менен 100 миңдеген мугалимдин "духу" түштү. Пара талап кылып, акча алып кармаган күндө дагы шоу кылып, видеого тартып, музыканын коштоосунда чыгарбай эле "пара талап кылдың, ката кетирдиң, жумушуңдан кет" десе берет эле го.

100 миңдеген мугалим колун түшүрүп шалдайып отуруп калды. Алар мектепке, балдарга барып кантип акыл үйрөтөт? Мына ушундай саясатты караш керек да.

Мугалимдерге сокку урдук. Айлыгын көтөрдүк дейбиз. Азыр министри пара алып жатса, окуучуларга кантип акыл айтат? Мугалимдердин үстүнө муздак суу куйгандай мамиле кылдык", - деди эл өкүлү.

Ошондой эле депутат жогорку кызматтагылардын кармалышын сынга алды.

Белгилесек, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев пара алуу фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында кармалган.






Жанар Акаев Билим берүү министринин кармалышы боюнча

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: