super.kg logo

"Мыйзамсыз". Элмурза Сатыбалдиев үйүнүн тосмосунун сүрдүрүлгөнү боюнча үн катты (видео)

 

Бишкек мэриясынын шаардагы Шүкүров көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн дубалдарын түрттүргөнү мыйзамсыз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиев SUPER.KG порталына билдирди.

"Бул тосмону алды, албады деп трагедия кылыштын кереги жок. Мамлекеттин жериби анда алыш керек. Ал жерде тротуар болгон. Тротуарга эч кандай кооптонуу дагы болгон эмес. Ошол жердеги 1 чакырым жолду булар магистраль кылып чоңойтуп жатышат. Себеби эмнеде? Ал жерде унаа жүрбөйт. Демек бир ой бар.

Менин далилим жок. Болгону ушуну эки-үч күндөн бери сенсация кылып жатышат, кыла беришсин. Атың чыкпаса жер өрттө дейт. Мен Элмурзамын дагы бир жолу айтып коёюн. Жазгыла, жамандагыла. Мага келип каяша сүйлөгөн балдар мен көргөндү көрүп алышсын.

Мэриянын талабы мыйзамдуу, кылганы мыйзамсыз. Себеби мэрия мыйзамдуу болсун деп Октябрь райондук сотуна кайрылган. Ал соттун чечимин күтүш керек. Мен эч кандай чара көрбөйм", - деди Сатыбалдиев.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин комитеттеринин биринин жыйынында Бишкектин вице-мэри Нурдан Орунтаев менен Элмурза Сатыбалдиев айтыша кетип, депутат кыр көрсөтүп жаткан видео тараган. Анда депутат шаардын вице-мэринен мэрия кандай негизде тургундардын тосмолорун бузуп жатканын сураган. Эл өкүлү короонун тосмосу муниципалдык жерге чыгып кетсе да нааразычылыгын билдирген.

"Мен сага айтып коёюн, иним, сен мага күпүлдөбө, башка жерде күпүлдө. Бул Жогорку Кеңеш, өзүңдү сыйлабасаң, бизди сыйла. Сыйлагың келбесе, сыйлатып алам. Булар сыйлатпаса, мен сени сыйлатам, сөзсүз", - деген анда Сатыбалдиев.

Бул көрүнүш коомчулуктун нааразычылыгын пайда кылып, мыйзам барына бирдей экенин айтып чыгышкан.

Бүгүн, 29-сентябрда Бишкек мэриясы Бишкектеги Шүкүров 166 дарегинде жайгашкан үйдүн тосмосу сүрдүрүлгөнүн билдирди. Бул үй Элмурза Сатыбалдиевдин үйү.






Элмурза Сатыбалдиев үйүнүн дубалынын түрттүрүлүшү боюнча үн катты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
29.09.2022. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мыйзам баарына бирдей болуш керек.
29.09.2022. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушуга окшогон челектердин айынан кыргызстан алдыга жылалбай келет! Эл өкүлү депутат дегенден эл уйялат! Мыйзамды ушулардан башташ керек! Муну депутат кылып шайлаган эл даагы күнөөлү!
29.09.2022. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Парламенттин креслосунда отуруп,заборунду коргоп Кала албадынбы?
29.09.2022. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элмура көт. Деңгээлиң ушундайкен.
29.09.2022. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ali-5,Буларда көт-бет бирдей. Осурган кыз,осурбаган кыздын бетин тытат болуптурда бул жагы. Кечирип койгула,буларга ороп айтканы кагаз ж'алко
29.09.2022. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элмурза, ата-энене наалат ушундай сендей сабатсыз, зоокур, коодону сокур айбанды жаратып, чонойтконуна!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: