super.kg logo

Чүйдө баңгизат сатууга шектелген 3 жаран кармалды

 

Чүйдө баңгизат сатууга шектелген 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Атайын кызматка ири өлчөмдө баңгизаттарды жеткирүү жана сатуу менен узак убакыттан бери алектенип келген баңги тобу тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иш-аракеттерин жүргүзүү учурунда, Аламүдүн районунун аймагында убактылуу жашаган Ака каймана аттуу белгисиз адамдан гашиш сатып алып, өзүнүн тааныштарына кайра сатып жүргөн Шах аттуу аталган баңги тобунун мүчөсү аныкталды.

20-сентябрда Лебединовка айылындагы Маданият үйүнүн жанынан 1968-жылы туулган И.Ю., 1957-жылы туулган С.Б. жана 1955-жылы туулган Б.Ж. аттуу жарандар кармалган.

Аларга өздүк кароо жүргүзүү учурунда, бирөөсүнүн шымынын оң чөнтөгүнөн кара куурайдын өзгөчө жыты бар, өсүмдүк тектүү кара-күрөң кесек зат салынган беш ширеңке кутучасы табылып, экспертизанын жыйынтыгы боюнча анын салмагы 83,18 граммды түзгөн.

Экинчи шектүү жарандан ширеңке кутучасы алынып, ичинен кара-күрөң түстөгү, өсүмдүк тектүү, кара куурайдын өзгөчө жыты бар кесек сымал зат табылган, экспертизанын жыйынтыгы боюнча анын салмагы 19,02 граммды түзгөн.

Мындан тышкары 1955-жылы туулган үчүнчү шектүү Б.Ж. аттуу жарандын үйүндө тинтүү жүргүзүү учурунда муздаткычтан болжол менен беш литрлик көлөмдүү кара куурайдын өзгөчө жыты, тик бурчтуу формадагы 476 даана кара-күрөң кесек зат табылып алынган, экспертизанын жыйынтыгы боюнча анын салмагы 3 килограмм 277 граммды түзгөн.

Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: