super.kg logo

Зыян 13,5 миллион сом. Бишкектин вице-мэри Бактыбек Абдиев коррупцияга шектелип кармалды

 

Улуттук онкология жана гематология борборунун имаратын курууда коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, Улуттук онкология жана гематология борборунун имараттарын курууда жана капиталдык оңдоодо Мамлекеттик курулуш комитетинин жооптуу адамдары тарабынан мыйзамсыз акча каражатын алуунун туруктуу коррупциялык механизми аныкталган. Анда подрядчы менен 340 миллион сомго келишим түзүлгөнү такталды.

Ошондой эле бүткөрүлгөн иштин көлөмүн иш жүзүндө кабыл албастан бүтпөгөн иштерге акы төлөөдө көрсөтүлгөн фактылар жана башка финансылык тартипти бузуулар аныкталган. Курулуш экспертизасынын жыйынтыгында мамлекетке келтирилген материалдык чыгым 13,5 миллион сомду түзгөн.

Үстүбүздөгү жылдын 27-сентябрында Мамкурулуштун мурдагы директору А.Б., департаментинин директорунун орун басары К.Ж., башкы бухгалтер Ч.Б., техникалык көзөмөл боюнча инженери Н.Н. кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ал эми бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту А.Б. катуу ооруп калгандыгына байланыштуу үй камагына чыккан. Башка адамдарга карата бир айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы каралган. Мындан тышкары белгиленген зыяндын ордун подрядчы жана К.Ж. тарабынан толугу менен кайтарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: