super.kg logo

Алла Пугачёва кайрадан балдары менен чогуу Орусиядан чыгып кетти

 

Орусиялык ырчы Алла Пугачёва Орусияда бир айга жетпеген убакыттан кийин балдары менен чогуу кайрадан Израилге учуп кетти. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Ырчы окуу жылынын башында эгиз балдарын окутуу үчүн Орусияга кайтып келген.

"Бирок окуу башталганына бир ай дагы боло электе жылдыздуу эне балдары менен чогуу аэропортто жүрөт", - деп жазылат маалыматта.

Алла Пугачёваны балдары менен Внуково аэропортунан көрүшкөнү айтылат. Алдын ала маалыматтарга караганда, ырчы кайтып келүү үчүн билет алган эмес.

Максим Галкин менен Алла Пугачёва балдары Лиза жана Гарри менен февралдын аягында Орусиядан чыгып кетишкен. Ага чейин куудул эл алдында Украинадагы согушка каршы пикирин билдирген. Израилге көчүп баргандан кийин шоумен Биринчи каналда жана башка долбоорлордо иштеген миллиондогон долларлык жарнама келишимдерин жоготкон. Алар алгач Израилге, андан соң Латвияга отурукташкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: