super.kg logo

Ысык-Көлдө жапайы кендирди даярдап жаткан жеринен үч жаран кармалды (фото)

 

Ысык-Көлдө жапайы кендирди даярдап жаткан жеринен үч жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, шектүүлөр Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылынын четине жакын жердеги талаадан кармалган. Үч жаран тең Каракол шаарынын тургундары экени аныкталды. Алар 33 жаштагы Ж.А., 35 жаштагы Ю.В. жана мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган 33 жаштагы А.Р. аттуу жарандар болгон. Алардын жанынан жапайы кендирдин өзгөчө жыты бар өсүмдүк заты табылган.

Сурак учурунда кармалгандар жапайы кендирди даярдоо үчүн атайын айылдын четине келгенин айтып беришкен.

Бул факты каттоого алынып, алынган өсүмдүк заты баңгизаттын кайсы түрүнө таандык экенин аныктоо үчүн изилдөөгө жөнөтүлгөн.

Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: