Apple орусиялык кызматкерлеринин көбүн Кыргызстанга алып келди
Apple орусиялык кызматкерлеринин көбүн Кыргызстанга алып келди. Бул тууралуу бүгүн “Ведомости” гезити өздүк булактарына таянып жазып чыкты. Жер которууга даярдык 2022-жылдын жазында башталган жана жайдын аягында аяктады.
Басылма Apple компаниясынын өкмөт менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Назим Турдумамбетовдун кыргызстандык экенин белгилеген.
Ошондой эле дагы бир катар кызматкерлер Улуу Британияга жайгашкан.
Эске салсак, буга чейин ушундай эле чечимди Google корпорациясы кабыл алып, ишке ашырган.
Орусия Украинага кол салгандан бери Apple Орусиядагы ишмердүүлүгүн расмий токтото элек. Бирок жаңы үлгүдөгү өнүмдөрүн сатууну токтотуп, Apple Pay тиркемесинен бир катар орусиялык дүкөндөрдү алып салган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.