Владимир Путин Украинанын аймактарын Орусияга кошуу боюнча келишимге кол койду
Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын аймактарын Орусияга кошуу боюнча келишимге кол койду.
Путин видео кайрылуусунда Донецк жана Луганск (өзүн-өзү жарыялаган республикалар), ошондой эле Украинанын Запорожье жана Херсон облустарынын тургундары өз тандоолорун жасашканын билдирди.
"Референдумдун жыйынтыгы белгилүү болду. Эл өз тандоосун жасады. Таза тандоо. Бүгүн биз Донецк жана Луганск Элдик Республикаларын, Херсон, Запорожье облустарын Орусияга кабыл алуу, Орусиянын курамына киргизүү боюнча келишимдерге кол коюп жатабыз", - деди Владимир Путин.
Эске салсак, 23-сентябрдан 27-сентябрга чейин Донецк жана Луганскта, ошондой эле Украинанын Запорожье жана Херсон облустарында Орусияга кошулуу боюнча референдум өткөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.