super.kg logo

"Инвестиция үчүн". Алмазбек Бейшеналиев ага акчаны кимдер бергенин айтты

 

Пара алууга шектелип кармалган Алмазбек Бейшеналиев ага акчаны чет өлкөлүктөр бергенин айтты.

"Бул пара эмес, башкача себеп менен берилген акча болчу. Инвестиция тууралуу бир проект бар болчу, ошого берилген акча. Чет өлкөлүктөр берген акча болчу. Баары жакында ачыкка чыгат. Тергөөдө жазып бердим. Эч кабатыр болбоңуздар. Эч кандай күнөөм жок", - деди Алмазбек Бейшеналиев.

Бейшеналиев 28-сентябрда кармалып, 48 саатка камакка алынган. Анын бөгөт чарасы сотто бүгүн каралууда.

Ички иштер министрлиги Бейшеналиев чет өлкөлүк студенттерди жергиликтүү жогорку окуу жайларына киргизүү үчүн 110 миң доллар пара алуу фактысына байланыштуу кармалганын айтып, видеосун жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: