super.kg logo

Киев Владимир Путин менен сүйлөшүү жүргүзбөй турганын жарыялады

 

Украинанын президенти Володимир Зеленьский Орусия менен сүйлөшүүгө даяр, бирок Владимир Путин менен эмес. Бул тууралуу Зеленьский кечээ, 30-сентярдагы кайрылуусунда айтты.

"Украина сүйлөшүү аракеттеринде лидер болуп келген жана болуп кала берет. Дал ушул биздин мамлекет Орусияга бирдей, чынчыл, татыктуу жана адилеттүү шарттарда жанаша жашоо боюнча макулдашууну ар дайым сунуштап келген. Албетте, азыркы орус президенти менен бул мүмкүн эмес. Ал ар-намыс жана чынчылдык эмне экенин билбейт. Ошондуктан биз Орусия менен диалогго даярбыз, бирок Орусиянын башка президенти менен", - деди Украинанын президенти.

Ошондой эле Зеленьский Киев Түндүк Атлантика альянсына кошулууну тездетүү тууралуу арыз бергенин билдирди.

Эске салсак, 23-сентябрдан 27-сентябрга чейин Донецк жана Луганскта, ошондой эле Украинанын Запорожье жана Херсон облустарында Орусияга кошулуу боюнча референдум өткөн. Референдумдун жыйынтыгы менен Владимир Путин аталган аймактарды Орусияга каратуу тууралуу келишимге кечээ, 30-сентябрда кол койду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: