Украинанын облустарынын Орусияга кошулушу: Жетекчилердин жүзү жана эмоциялары (тарыхый сүрөттөр)








Кечээ, 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Орусиянын курамына жаңы аймактарды киргизүү боюнча келишимдерге кол койду.
Салтанат Кремлдин Георгий залында өттү. Документтердин астына Денис Пушилин (Донецк), Леонид Пасечник (Луганск), Евгений Балицкий (Запорожье) жана Владимир Салдо (Херсон) кол коюшту. Документке кол коюуну зал дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштоду. Георгиевский залында салтанатка катышкандар "Орусия" деп кыйкырышты.
23-сентябрдан 27-сентябрга чейин аймактарда Орусияга кошулуу боюнча референдум өтүп, анын жыйынтыгында төрт аймакта тең шайлоочулардын 87 пайыздан ашыгы макул деп добуш берген. Орусия 22-февралда Донецк менен Луганскты көз карандысыз аймак катары тааныган. Ошондой эле 29-сентябрда Запорожье жана Херсон облустары Орусияда көз карандысыз аймак деп таанылган.
