super.kg logo

Бишкектеги дүкөндөн контрабандалык электрондук тамекилер табылды (фото)

 

Тамеки буюмдарын жана никотинди жеткирүүнүн электрондук системалары, анын ичинде Бишкек шаарында электрондук тамекилерди мыйзамсыз сатуу каналынын бети ачылды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча Мамлекеттик салык инспекциясы менен биргеликте УКМКнын тергөөгө чейинки текшерүүсүнүн алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө алгачкы эсепке алуу документтери жок тамеки буюмдары, "А.К.А." аттуу жеке ишкерге таандык Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан «R.» аталган дүкөндө сатылган товарлар табылган. Бул продукциянын жалпы суммасы 9 миллион 700 миң сомду түзгөн, 620 кутуча алынып, салыктык текшерүү белгиленген.

Такталган боюнча, кармалган продуктылар бажы жана салык төлөмдөрүн четтетүү менен Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз алынып келингендиги аныкталды. Салыктык текшерүүнүн жыйынтыгында салыкты жана акциздик салыкты төлөөдөн качуу боюнча төмөндөтүлгөндүгү такталып, келтирилген зыяндын суммасы 6 миллион 191 миң 310 сомду түзгөн.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында продукциянын ээлери келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында өз ыктыярлары менен 6 миллион 191 миң сом акча каражатын чегеришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: