Көк бөрү: Кыргыз улакчылары Түркияны 7:6 эсебинде жеңди
Түркияда өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдеш өтүп, Кыргызстан 7:6 эсебинде Түркияны жеңди.
Беттештин биринчи бөлүгү 4:2 эсеби менен, ал эми экинчи бөлүгү 6:6 эсеби менен жыйнтыкталган. Чечүүчү 3-айлампада Кыргызстан дагы 1 салым салып, беттештин жеңүүчүсү болду.
Кыргызстандын капчыгына Манас Ниязов, Рустам Тыналиев, Майрамбек Рыспеков жана Аудасбек Мырзабек уулу упай алып келди.
Белгилей кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына көк бөрү жана көк пар оюну киргизилген. Бүгүн, 2-октябрда көк пар боюнча беттештер уланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.