super.kg logo
  Спорт  

Көчмөндөр оюндары: Алыш бел боо күрөшүнөн кыргыз балбандары 5 алтын медаль жеңип алышты

 

Түркиянын Изник шаарында өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында “Алыш” бел боо күрөшүнүн эркин түрү боюнча кыргыз балбандар 10 медаль жеңип алышты.

Алыштын эркин түрү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы 5 алтын, 2 күмүш жана 3 коло жеңди.

Кыздар арасында 55 килограмм салмакта Элзада Момунжанова, 65 килограмм салмакта Нурзада Мыктыбек кызы, 70 килограмм салмакта Нурзат Бактыяр кызы жана 75 килограмм салмакта салмактан жогоркулар арасында Нагира Сарбашева, эркектер арасында 60 килограмм салмакта Калысбек Каимов алтын байгенин ээлери болушту.

Ошондой эле Азизхан Мусабек уулу (80 килограмм), Кадыр Келсинбеков (100 килограмм жогору) күмүш медаль жеңди.

Ал эми коло байгени Касымбек Анарбаев, Нурсултан Бочонов жана Исламбек Алик уулу жеңип алышты.

Белгилей кетсек, буга чейин алыштын классикалык түрү боюнча беттештер өтүп анда спортчулар 9 медаль жеңген. Жалпы “Алыш” бел боо күрөшү боюнча Кыргызстан курама командасы 19 медаль жеңди. Жалпы командалык эсепте, классика түрү боюнча Кыргызстан биринчи орунду ээледи. Ал эми эркин түрүнөн кыз-келиндер курама командасы тизменин сап башында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: