super.kg logo

Бишкекте 58 жаштагы аял адам уурдоого шектелип кармалды

 

Бишкек шаарында адам уурдоого шектелип 58 жаштагы аял киши кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 28-сентябрында болжол менен саат 21:20 чамасында "102" кызматына жаш бала уурдалды деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда 1980-жылы туулган С.А. аттуу аял короодо ойноп жүргөн баласын белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген.

Чакыруу менен келген кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1964-жылы туулган К.Г. аттуу аял кишини кармашып, Тергөө кызматына андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн өткөрүп беришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.10.2022. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КАНТИП жаш баланы дити барып уурдайт . Кандай адам бети жок журогу жок. Тфу.
02.10.2022. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каны бузулган неме окшойт түрүнөн .. эмнеси болсо да адамдарга ынсап берсин,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: