super.kg logo
  Спорт  

"Үчүнчү бөлүктө чыкпай коюшту". Кыргыз көк бөрүчүлөрү Казакстанды ири эсепте жеңди

 

Түркиянын Изник шаарында өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Казакстанды 5:0 эсебинде утуп алды.

Беттештин биринчи бөлүгү 3:0 эсебинде, ал эми экинчи бөлүгү 5:0 эсебинде жыйынтыкталган.

Чечүүчү 3-бөлүктө Казакстандын көк бөрүчүлөрү "Аттарыбыз чарчап калды" деген жүйө менен оюн талаасына чыкпай коюшту.

Жыйынтыгында оюн 5:0 эсебинде Кыргыз курамасынын пайдасында аяктады.

Кыргызстандын капчыгына Манас Ниязов, Нуржан Мелисбек уулу, Рустам Тыналиев, Таши Майлыбашев жана Майрамбек Рыспек уулу салым алып келди.

Белгилей кетсек, атайын көк бөрү үчүн жасалган тай казанды жана Манас Ниязовдун Түркиядан сатып алынган аргымагын Түркияда жашаган вандык кыргыздарга тапшырышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.10.2022. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаман арам экен казактар биз ойнодук ко алардын детский кок парын эми серьезный ойун келгенде катынча качып кетишти уят эле силерге казак калкы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: