super.kg logo

Футболчулар жана ММА мушкерлери: Орусиялык спортчулардын кимиси военкоматка чакыруу алды?

 

Орусия президентинин жарым-жартылай мобилизациялоо жөнүндөгү жарлыгы орусиялык спортчулар менен машыктыруучуларга таасирин тийгизди. Ошол эле учурда Орусиянын Спорт министрлиги спортчуларда военкоматка барууга жеңилдиктер же кийинкиге калтырууга укугу жок.

Жарым-жартылай мобилизациянын алкагында кайсы Орусиянын кайсы спортчуларына военкоматка чакыруу келди? Тизмектейбиз.

Футбол боюнча Орусия курама командасынын мурдагы оюнчусу, 2008-жылдагы Европа чемпионатынын коло байге ээси Динияр Билялетдинов чакыруу алды. Бул тууралуу 28-сентябрда РИА Новостиге футболчунун атасы Ринат Билялетдинов билдирди. Атасынын айтымында уулу военкоматка барууга камынып жатат.

Ошондой эле фигуристтерди чакыруусу массалык маалымат каражаттарында катуу резонанс жаратты. Көркөм муз тебүү боюнча Европанын 23 жаштагы чемпиону Дмитрий Алиев менен дагы бир фигурист Макар Игнатов алышты. Эки спортчуга тең Орусиянын көркөм муз тебүү федерациясы Спорт министрлиги аркылуу кийинкиге калтырууну суранган.

Ошол эле учурда 32 жаштагы ММА мушкери Владимир Минеев мобилизацияга чакырылган. 25-сентябрда "Матч ТВ" телеканалына берген маегинде ал чакыруу кагазын алып, военкоматка барганы жатканын айткан.

Чакыруу кагазын алган дагы бир ММА мушкери Мариф Пираев Орусиядан тышкары жүрөт. Пираев катышкан AMC Fight Nights уюмунун жетекчиси Камил Гаджиевдин айтымында, мушкер кезектеги беттешине даярданууну Орусиядан тышкары өткөрүүдө.

Бокс боюнча Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Николай Валуев дагы чакыруу кагазын алган.

"Мага да чакыруу кагазы келди. Мен барамбы? Албетте, азыр аскер комиссариатына барам. Менин кесиптештерим мыкты, алар Мамлекеттик Думага катталып, ушул жерден чакыруу кагазын алышты", - деген Валуев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: