"3 миллиондон ашык канаттуу кырылды". Улуу Британияда эң ири куш тумоосу катталды
Улуу Британияда өлкө тарыхындагы эң ири куш тумоосу катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, куш тумоосунун кесепетинен бүгүн, 3-октябрга карата үч миллиондон ашык канаттуу кырылды.
Англиянын түштүк-батышында канаттуулардын сасык тумоосунун алдын алуу зоналары киргизилди. Жалпысынан куш тумоосу Улуу Британия боюнча 155 жерде табылган.
"Жапайы канаттуулардын популяциясы гана эмес, үй канаттуулары да коркунучта. Улуттук фермерлер союзу эгер канаттуулардын тумоосу күчөй берсе, Рождество үндүктөрүн жеткирүү коркунучта болушу мүмкүн деп билдирди.
Айлана-чөйрөнү коргоо, тамак-аш жана айыл чарба иштери боюнча департаменти (DEFRA) бир катар аныкталган учурлардан кийин куш тумоосунун алдын алуу аймактарын кеңейтти. Эми мыйзам боюнча, менчик ээлери биологиялык коопсуздуктун катуу чараларын сактоого милдеттүү. 500дөн ашык канаттуусу бар фермерлер өз фермасынын аймагына өндүрүштүк эмес адамдардын кирүүсүн чектөөгө милдеттүү", - деп жазылат маалыматта.
