super.kg logo

Санкт-Петербургда казакстандык жаранга военкоматка чакыруу келди

 

Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы аскер комиссариаты Казакстандын 31 жаштагы жаранына мобилизациянын алкагында чакыруу кагазын жиберди. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Казакстандын жаранына чакыруу 2-октябрда келген. Турак жай-коммуналдык чарбанын кызматкери кагазды аялы менен чогуу жашаган батирге алып келген. Чакыруу баракчасына Александров деген фамилиялуу аскер комиссары кол коюп, мөөр басылган. Кагазда казак жараны 3-октябрь күнү эртең менен аскер комиссариатына келүүсү керек экендиги айтылган.

Казак жараны паспорттогу жарандыгын көрсөткөнүнө карабай чакыруу кагазы берилген. Учурда бул боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, Орусиянын президенти Владимир Путин 21-сентябрда жарым-жартылай мобилизация жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: