super.kg logo

Жо Байден экинчи мөөнөткө ат салышарын билдирди

 

АКШнын президенти Жо Байден телеалпаруучу Аль Шарптон менен болгон маегинде президенттик шайлоодо экинчи мөөнөткө катышуу ниети бар экенин билдиргенин NBC телеканалы билдирди.

Бул тууралуу Байден сентябрь айында айтканын Шарптон өзүнүн коммерциялык эмес уюмунун кызматкерлерине айтканы белгиленген.

Уюмдун булагынын айтымында, Байден: "Мен муну дагы бир жолу жасайм.. мен барам" деп билдирген.

Телеканал белгилегендей, буга чейин Байден өзү анын талапкерлигин көрсөтүү тууралуу мындай билдирүүлөрдөн карманган, бирок анын жактоочулары бул тууралуу сөз кылып келишкен.

Washington Post газетасы жана ABC News телеканалынын сурамжылоосуна ылайык, АКШнын Демократиялык партиясынын жактоочуларынын жарымынан көбү 2024-жылы боло турган президенттик шайлоодо Байдендин талапкерлигин колдобойт.

Сурамжылоого ылайык, демократтардын жана бул партиянын көз карандысыз жактоочуларынын 56 пайызы Байдендин ордуна башка талапкерди көрсөткүсү келерин айтышкан. Байдендин талапкерлигин сурамжылоого катышкан демократтардын 35 пайызы гана колдоорун билдирген.

79 жаштагы Жо Байден 2021-жылдын январь айында кызматка келген. Ал аталган өлкөнүн 46-президенти. Президенттик шайлоо 2024-жылдын 5-ноябрына белгиленген. Анда Байден 82 жашта болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: