super.kg logo

Ошто кызды милиция кызматкерлери сабады делген окуя. Ош ШИИБи окуянын чоо-жайын айтты

 

Бүгүн, 4-октябрда Ош шаарынын тургуну милиция кызматкери тарабынан сабалгандыгы тууралуу маалымат тараткан. Буга байланыштуу шаардын ички иштер башкармалыгы билдирүү таратты.

“Жарандын берген маалыматы жалган экендигин, мындай аракети менен ал өзү кылмыш жоопкерчилигинен качууну жана милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына доо кетирүүнү көздөп жаткандыгын баса белгилейт”, - деп айтылат билдирүүдө.

Мындан сырткары, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип жатканда денесинде эч кандай жаракаттары болбогону кабарланат. Учурда анын милиция кызматкерлерине карата жалган жерден маалымат бергендиги боюнча тиешелүү юридикалык баа берүү жагы каралып жатат.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 29-сентябрында милицияга калаанын Шакиров көчөсүндө эки бейтааныш кыз ызы-чуу салып жаткандыгы тууралуу маалымат кабарланган.

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери эки кызды кызматтык унаага салып милиция бөлүмүнө алып келүү аракетин жасашканда алардын бирөө милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, колун тиштеп алган.

“Ал эми шектүү Э.Б. аттуу жарандын денесиндеги жаракаттары кармалганда жана убактылуу кармоочу жайда отурганда да болгон эмес”, - дейт милициядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: