super.kg logo

13 жашар кыздын зордукталышы: Сот төртүнчү айыпталуучуга өкүм чыгарат

 

Бүгүн, 4-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда колдон-колго өтүп зордукталды делген 13 жашар кыздын иши боюнча төртүнчү шектүүнүн иши каралууда. Кылмыш иши жашы жете элек баланын жыныстык кол тийбестигине байланыштуу болгондуктан соттук процесс жабык эшик артында өтүүдө.

Жараянда айыптоочу зордуктоого төртүнчү шектүү 19 жаштагы М. у. М.ны "Он алты жашка чыга элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 9 жылга эркинен ажыратуусун суранды. Ал эми жабырлануучу тараптын жактоочусу соттолуучуга белгиленген беренеде каралган эң жогорку жазаны берүүнү өтүндү. Судья кеңешүү бөлмөсүнө чыгып кетти.

Эске салсак, 13 жашар кызды зордуктоо боюнча биринчи кылмыш ишинин соту 8-июлда башталган. Кылмыштын өзү 2022-жылдын февраль айында жасалган. Шектүүлөр март айында кармалган.

SUPER.KG порталына 13 жашар секелектин ата-энеси кызын 2 милиция кызматкери жана 2 жөнөкөй жаран жарым жылдай зордуктап жүрүшкөнүн айтып беришкен. Алардын айтуусунда, мындай көрүнүш өткөн жылдын август айынан 2022-жылдын февраль айына чейин уланган. Бул кылмышка шектелип эки милиция кызматкери, ошондой эле “Дордой” базарында күзөтчү болуп иштеген жаран жана 19 жаштагы дагы бир жаран кармалган.

30-августта Бишкектин Свердлов райондук соту үч айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, эки милиция кызматкерин 15 жылдан, ал эми "Дордой" базарынын кароолчусун 10 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле алардын ар бири 100 миң сомдон моралдык компенсация төлөөгө милдеттендирилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: