super.kg logo

13 жашар кыздын зордукталышы: Сот төртүнчү айыпталуучуга өкүм чыгарды

 

Бүгүн, 4-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда колдон-колго өтүп зордукталды делген 13 жашар кыздын иши боюнча төртүнчү шектүүнүн иши каралды.

Биринчи Май райондук сотунун судьясы Мирбек Сатарбек уулу төртүнчү шектүү 19 жаштагы М. у. М.ны күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркинен ажыратты. Ошондой эле жабырлануучу тарапка 100 миң сом өлчөмүндө моралдык компенсация төлөөгө милдеттендирилди.

Эске салсак, 13 жашар кызды зордуктоо боюнча биринчи кылмыш ишинин соту 8-июлда башталган. Кылмыштын өзү 2022-жылдын февраль айында жасалган. Шектүүлөр март айында кармалган.

SUPER.KG порталына 13 жашар секелектин ата-энеси кызын 2 милиция кызматкери жана 2 жөнөкөй жаран жарым жылдай зордуктап жүрүшкөнүн айтып беришкен. Алардын айтуусунда, мындай көрүнүш өткөн жылдын август айынан 2022-жылдын февраль айына чейин уланган. Бул кылмышка шектелип эки милиция кызматкери, ошондой эле “Дордой” базарында күзөтчү болуп иштеген жаран жана 19 жаштагы дагы бир жаран кармалган.

30-августта Бишкектин Свердлов райондук соту үч айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, эки милиция кызматкерин 15 жылдан, ал эми "Дордой" базарынын кароолчусун 10 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле алардын ар бири 100 миң сомдон моралдык компенсация төлөөгө милдеттендирилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: