super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Ош шаарынын тургуну көчөдөгү баш аламандыкты айтып даттанды

 

Ар дайым ашканалардан чыккан саркынды суулар көчөдөгү латокто топтолуп, андан жагымсыз жыт чыгып турат. Мындай билдирүүнү Ош шаарынын тургуну ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө жөнөттү.

"Ош шаарынын Курманжан Датка аймагына караштуу А.Алимжанов атындагы чоң көчөсүндө көңүл ирээнжиткен баш аламан көрүнүш. Ар дайым ашканалардан чыккан саркынды суулар көчөдөгү латокто топтолуп, андан жагымсыз жыт чыгып турат.

Мамыдагы чубалгылар үзүлүп, көчөдө жатат, ага адамдар чалынат. Таштандылар ар жерде жатат. Ушундай көрүнүштөрдү Ош шаарынын мэрине жеткирип берүүңүздөрдү суранам", - деген тургун.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: