Кремль Зеленськийдин Путин менен сүйлөшүүдөн баш тартуу жарлыгына реакция жасады
Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Украинанын президенти Володимир Зеленськийдин Владимир Путин менен сүйлөшүүдөн баш тартуу тууралуу чыгарган жарлыгына комментарий берди. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, ал расмий Киевдин катышуусуз аскердик операция кандайдыр бир документти кабыл алуу менен бүтпөй турганын баса белгиледи.
"Сүйлөшүү үчүн эки тарап керек. Аскердик операция башталганга чейин эле Орусия орус тараптын шарттарын тынчтык дипломатиялык сүйлөшүү жолу менен камсыз кылууну жактап келген. Эми же азыркы президенттин позициясынын өзгөрүшүн күтөбүз, же биз Украинанын болочок президентин күтөбүз. Ал украин элинин кызыкчылыгы үчүн позициясын өзгөртөт”, - деген Песков.
30-сентябрда Зеленський Владимир Путин менен сүйлөшүүдөн баш тартканын билдирген. Бул тууралуу ал Путиндин Донецк жана Луганск, ошондой эле Запорожье жана Херсон облустарын Орусиянын курамына киргизүү боюнча келишимдерге кол койгонуна жооп катары билдирди. Ошол эле күнү Зеленський Украинанын НАТОго тездетилген негизде кошулуусу үчүн арыз берген.
Кечээ, 4-октябрда Украина Владимир Путин менен сүйлөшүүдөн расмий баш тартты.


1 |