super.kg logo

"Жылдын мыкты тарбиячысы" болуп Оштогу "Күн нуру" бала бакчасынын кызматкери табылды (видео)

 

Бүгүн, 5-октябрда Бишкек шаарындагы Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында "Жылдын мыкты мугалими" жана "Жылдын мыкты тарбиячысы" республикалык сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өтүп жатат.

Аземдин ачылышында билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Талантбек Бекташов мугалимдердин кесиптик майрамы менен куттуктады. Иш-чарада "Жылдын мыкты тарбиячысы" сынагына катышкан катышуучулар Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

"Жылдын мыкты тарбиячысы" болуп Ош шаарындагы №39 “Күн нуру” бала бакчасынын тарбиячысы Гульназа Туленбаева табылды. Ага министрликтин Ардак грамотасы, түстүү сыналгы жана ноутбук тапшырылды.

Экинчи байгелүү орун Талас облусунун Манас районундагы “Байчечекей” бала бакчасынын тарбиячысы Эркинбек кызы Мунарага, үчүнчү орун Ош облусунун Алай районундагы №1 бала бакчанын тарбиячысы Арапаткан Туменовага буюрду.

Иш-чара концерттик программа менен коштолууда. Белгилей кетсек, былтыр "Жылдын мыкты тарбиячысы" сынагында Ош облусунун "Ак каркыра" балдар бакчасынын тарбиячысы Маргарита Нагаева жеңүүчү болгон.






"Күн нуру" бала бакчасынын кызматкери "Жылдын мыкты тарбиячысы" болду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: