Депутаттар ШКУнун жыйынын өткөрүүдөгү чыгымдар үчүн каржы министрин сынга алышты
“Ата Мекен” фракциясынын 6-декабрдагы жыйынында депутат Туратбек Мадылбеков ШКУ менен ЖККУнун жыйынын өткөрүүгө кеткен чыгым үчүн каржы министри Ольга Лаврованы сынга алды. “Шанхай кызматташтык уюму жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйынын өткөрүүгө 148 миллион коротупсуз. Буга кимден уруксат алдыңыз? Бул боюнча жоопкерчилик тартышыңыз керек”,- деди депутат. Лаврова муну парламенттин Бюджет жана финансы комитети менен макулдашып чечкенин айтты. Ал эми депутат Мадылбеков “маселени комитет эмес, Жогорку Кеңеш чечиши керек болчу” деп билдирди.
Бул маселени палатада көтөрө турганын кошумчалады депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

