super.kg logo

Өзгөндө маданият бөлүмүнүн кызматкерлери мамлекетке 1 жарым миллион сомдук зыян келтиришти

 

Өзгөн райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери мамлекетке 1 миллион 500 миң сомдук зыян келтиришкен. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусуна караштуу Өзгөн райондук маданият бөлүмүнүн кызмат адамдары 2018-жылы жана 2021-жылдын ичинде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, жогорулатылган эсеп менен айрым аймактык маданият үйлөрүнүн жетекчилерине мыйзамсыз айлык акыларды төлөп келишкен. Ошондой эле иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык акыларды чегеришип, акча каражаттарды өздөрү алып жүрүшкөн.

Жогорудагы мыйзамсыз аракеттерден улам мамлекетке жалпы 1 миллион 526 миң 859 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иш козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: