super.kg logo

Мадумаров: "Эл Кемпир-Абад боюнча бийлик кандай чечсе ошого макулбуз десе, анда отура беришсин"

 

Кемпир-Абад суу сактагычынын тагдырын эл чечиши керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров журналисттерге интервью берип жатып билдирди.

"Кечээ күнү Кемпир-Абад боюнча маселени жабык эшик артында карадык. Бир эмес, эки жолу трибунага чыгып сүйлөгөнү туура келди. Жыйында негизинен алдын ала даярдалган жарандар болду. Мындайча айтканда спектакль эле болду да", - дейт Мадумаров.

Эл өкүлү суу сактагычтын айланасындагы көйгөй ошол аймакта жайгашкан 5 айыл өкмөттүн гана эмес, Кыргыз мамлекетинин тагдыры экенин баса белгилеген.

"Кемпир-Абаддын тагдырын эл чечиши керек. Бул 5 айыл өкмөттүн элинин эле эмес, Кыргыз мамлекетинин тагдыры. Эгерде эл булар кандай чечкен болсо, ошого макулбуз деп отура берген болсо, анда отура беришсин. Эмне кылалы айтыңыздарчы? Биз депутат катары эмне кылышыбыз керек? Макималдуу түрдө маалыматты берип, күрөштү жүргүзүп жатабыз.Турдакун Усубалиевичтин "Алтындан кымбат суу" деген китебинде "Кемпир-Абад" боюнча керемет сөздөр жазылган. Биз азыр ошону депутаттарга таратып беребиз. Аны окугандан кийин алар ойгонобу ойгонбойбу? Ынсап берсин", - деди Мадумаров.

Эскерте кетсек, кечээ, 4-октябрь күнү Өзгөндө жогоруда аталган маселе боюнча президент баш болгон тиешелүү жетекчилердин катышуусундагы жыйын жабык эшик артында өткөн. Соңку күндөрү Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилүүсү коомчулуктун нааразычылыгын жаратып келет. Бирок бул маселе боюнча президенттин администрациясы расмий жооп айта элек.






Мадумаров: "Кемпир-Абад боюнча бийлик кандай чечсе ошого макулбуз десе, анда отура беришсин"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
05.10.2022. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бул эки дос точно Кыргызстанды бут жакка болуп жок кылмай болдуго?! Жапаровду 2017 жылдан бээри уй булообуз мн колдоп келчуубуз. Бул иштеринен бээри конул калмай болду, бул президенттен!!! Кандай эле оз жерибизди озго элге берип коюп атышат? Кайсыл баштары мн кол коюп атышты документтерге?
05.10.2022. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Иттер, Ыссык-Колду кошуп бергиле, акмактар.
05.10.2022. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Куйту,ушинтип оппозиция болуп дагы митинг уюштуруп бир жолу Кыргызстанды жок кылат.Ушунча жыл иштеп озун мурун эле айтпайт белен кыйын экенсин анда.Ажобуздун дагы башы бар.Сагызган
05.10.2022. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Patriotka ажоондун башы болсо, ушуну кылат беле. Эки дос жерди жон эле озбектерге берип жатат
06.10.2022. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Patriotka, кеп Мадцмаровдо эмес, кеп Кемпирабадда. 20-40 жылдан кийин, бул учоо тен аркы дуйнодо болот. Бирок Кемпирабад туболук калат. Бугун озбектерге карматсак, 100-200 жыл отсо да кайтара албай калабыз. Акылынарды калчап башты иштеткилечи тупить этпей..........
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: