super.kg logo

Химия боюнча Нобель сыйлыгынын ээлери аныкталды

 

2022-жылдагы химия боюнча Нобель сыйлыгы америкалык Кэролайн Бертоцци менен Барри Шарплесске жана даниялык Мортен Мелдалга молекулаларды жасоочу куралдар боюнча эмгеги үчүн ыйгарылды. Бул тууралуу Стокгольмдогу Швециянын Королдук илимдер академиясынын химия боюнча Нобель комитети билдирген.

"Химиктер татаал молекулаларды курууга умтулуп келишет. Бул көптөгөн кереметтүү молекулярдык конструкцияларга алып келди, бирок алар көп убакытты талап кылат жана өндүрүү үчүн абдан кымбат. Быйылкы химия сыйлыгы ишти татаалдаштырбай, жеңил жана жөнөкөй нерселер менен иштөөнү көздөйт”, - деди химия боюнча Нобель комитетинин төрагасы Йохан Оквист.

Ошондой эле ал быйылкы жылдын лауреаттары молекулаларды түзүүнүн функционалдык ыкмасына салым кошушканын белгилеп өткөн.

"Изилдөөчүлөр иштеген реакциялар дүйнөдө клеткаларды изилдөө жана биологиялык процесстерге көз салуу үчүн колдонулат" деген ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: