super.kg logo

Польшада эл аралык издөөдө жүргөн Кыргыз жараны кармалды

 

Польшада эл аралык издөөдө жүргөн Кыргыз жараны кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлиги тарабынан белгилүү болду.

Ага ылайык, ИИМдин Кыргызстандагы Интерполунун багыттамасынын жана издөө тапшырмаларынын негизинде, ушул жылы Польша Интерполу тарабынан 1981-жылы туулган Vasile B. аттуу Румыниянын жараны кармалган.

"Бирок укук коргоо органдарынын кызматкерлери анын жанынан 1980-жылы туулган Руслан И., аттуу жаранга таандык башка документтерди табышкан. Ушуга байланыштуу Кыргызстандын ИИМдин маалымат базалары боюнча манжа издери боюнча текшерүү жүргүзүүдө ал 1981-жылы туулган Манасбаев Булат Салимжанович экендиги тастыкталган.

Ал Жалал-Абад облусунун тургуну, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи тарабынан Жазык кодексинин 166-беренесине (алдамчылык) (КЖКнын 1997-жылдагы редакциясы боюнча) ылайык кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн.

Учурда Башкы прокуратура тарабынан аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралып, чечилүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары кармалган жарандын Кыргыз Республикасынын аймагында ушул сыяктуу башка кылмыш фактыларына катыштыгы бар же жок экендиги тууралуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Аталган жарандын кылмыштуу иш-аракеттери жөнүндө кандайдыр бир маалыматка ээ болгондор же жабыр тарткандар болсо төмөндөгү телефон номерлерине кайрылса болот: ИИМдин Интерпол Улуттук борбордук бюросу 0312 66 06 96 же 102.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.10.2022. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Интерполуңар жанагы Сапар Исаковду таппай эле койду го жөнөкөй жарандарды табат эле окшойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: